Тайсон акулалар менен кармашканда. Шоунун видеосу

Легендарлуу боксчу Майк Тайсон Багам аралдарында акулалар менен үч раунд кармашкан. Программа тартылып бүткөндөн кийин ал кадимкидей эле коркконун айтып берген.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Оор салмак боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону, боксчу Майк Тайсон Discovery телеканалынын программасына тартылып, суунун түбүнө, жырткычтарга түшкөн.

Видеону каалаган адамдар теле берүүнү твиттер аккаунтунан көрө алат.

​The Mirror басылмасы кезектеги берүүнү "Тайсон азууларга каршы" деп атаган. 54 жаштагы боксчу Багам аралдарындагы акулаларга үч раунд бою туруштук берип, арасында сүзүп жүргөн.

Шумдугуң кур! Акуланы транска киргизген дайвердин видеосу

Роликтен Тайсон инструктордун жардамы менен акулалар тобу жүргөн ачык океанга түшкөнүн көрүүгө болот. Жырткычтар өтө жакындап келгенде спортчу ыңгайын келтирип, оолагыраак түртүп коюуга аракеттенгени байкалып турат. Анын акулалардын бирин коопсуздук үчүн тумшугунан кармап алган учуру да бар. Сырттан карап турган адам деле мындай көрүнүштөн сестенбей койбойт. Себеби алдыңдан, артыңдан, ал тургай дал үстүңдөн каалгый сүзүп өтүп жатканын көрөсүң.

Программа тартылып бүткөндө боксчуну "акулалардын талашсыз жеңүүчүсү" деп аташты. Аягында Майк Тайсон чындыгында эле абдан корккондугун, анын үстүнө бул жаныбарлардын кебетеси ага такыр жакпагандыгын мойнуна алган.

​"Акулалар аптасы" — Discovery телеканалынын жумасына бир жолу чыгуусу телешоусу. Ага атактуу адамдар, спортчулар чакырылып турат.