БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Эртең, шаршемби күнү, республиканын өрөөндөрүндө күн ачык болот. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +20...+25 жана Нарын жергесинде +21...+26 градус болору маалымдалды.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +30...+32, Ош шаарында +33...+35 градуска чейин жетсе, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +20...+22 градусту көрсөтөт.