Бишкек менен Баткенде. COVID дагы төрт адамдын өмүрүн алып кетти

Акыркы учурда каза тапкандардын саны азайып келе жатат. Бирок бийлик бул абал толук турукташты дегенди билдирбей турганын эскерткен.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Өлкө боюнча акыркы суткада коронавирустан төрт бейтап каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

COVID-19га күзүндө кабылгандар дартты оор көтөрүшү мүмкүн. Эксперттин пикири

"COVID-19 илдетинен Бишкекте үч киши жана Баткенде бир бейтап көз жумду", — деди ал.

Мартта пандемия башталгандан бери каза болгондордун жалпы саны 1 478ге жетти.