Оорудан улам 10 жыл чипсы менен нан эле жеген кыз. Англиядагы окуя

Кыз үч жашында тамактануудан баш тарта баштап, акырында эки эле азыкты жеп калган. Башкаларын көргөндө жүрөгү айланып кетчү.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Улуу Британиянын жашоочусу психологиялык жактан жабыркагандыктан 10 жыл бою чипсы жана нан менен гана тамактанган. Бул тууралуу чет элдик сайттарга таянуу менен "Известия" жазды.

Макалада айтылгандай, оорунун белгилери андан үч жашында билине баштаган.

"Кыз тамактануудан баш тарта баштаган, баарынан дагы тоок этин жактырчу эмес. Тамакты тандап жегендиктен чоңойгондо социалдык жактан дагы кыйынчылыкка тушуккан. Ашканада классташтары менен чогуу тамактана албагандыктан алардан алыстай баштаган. Дарыгерлер бул нерсенин себебин так айта алышкан эмес", — деп жазылган макалада.

Бардык тамактан баш тарта берген кыз акыры чипсы менен нан эле жеп, бул он жылга дейре созулган. Башка азык-түлүктү көрсө жүрөгү айланып, тынчы кетип жүргөнү айтылат.

17 жыл бою чипсы жеп жашаган баланын көзү көрбөй калды. Англиядагы окуя

"Акыры адистер ал тамак тандоонун бузулушунан жапа чегерин аныкташкан. Мында бейтаптар тамактын даамынан, өңүнөн же алардын курамынан эле көңүлү айнып, катуу тынчсызданганга чейин барышат. Кыздын көйгөйүн терапевт-гипнолог бир нече сааттык сеанста чечип берген. Кыз алгач ирет тоок эти менен бутерброд жана йогурт жеп көргөн. Андан кийин тамактын түрүнө көнүп кеткен", — деп айтылат материалда.

19га чыккан кыз азыр тамак ылгабай турганын жана эң жакшы көргөн тамактарынын бири тоок эти экенин айткан.