Беларуста митинг токтобой, эл күч менен таркатылып жатат. Видео

9-август күнү Беларуста президенттик шайлоо болуп, ал аяктаары менен нааразычылык акциясы башталган. Күндүз басылып калган акция кечинде кайра уланды.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Беларуста президенттик шайлоодон кийинки акциялар дагы деле токтобой, күч түзүмдөрү элди таркатуу аракетинде. Соңку маалыматтар менен Sputnik Беларустун Telegram каналы бөлүшүүдө.

Бүгүн Минскиден ОМОН жоокерлери тарабынан 30дан ашуун киши кармалганы айтылат. Кечээ түнү үч миңдей киши жоопко тартылган.

Ал арада ИИМ башчысы Юрий Караев элди тынчтандырууга күч менен каражат жете турганын билдирди. Учурда күч түзүмдөрү кулак тундуруучу гранаталарды колдонуп жатышат.

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

Эске салсак, 9-августта Беларуста мамлекет башчыны тандашты. Анда Александр Лукашенко 80,23 пайыз менен атаандаштарын жеңип алды. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгон жүздөгөн адам Минск шаарынын борборун көздөй агылган. Митинг кечке жуук кайра күчөгөн.