Кыргызстан Түркия менен туруктуу аба каттамдарын жандантты

Учурда Республикалык ыкчам штаб бир катар алыскы жана жакынкы мамлекеттер менен туруктуу аба каттамдарды кайрадан баштоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы туруктуу аба каттамдары жанданды. Бул тууралуу брифинг учурунда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев айтты.

"Бүгүнкү күндөн тарта Түркия менен Кыргызстандын ортосунда туруктуу каттамдарды түрктөрдүн эки, Кыргызстандын бир компаниясы аткара баштайт. Pegasus Airlines, Turkish Airlines жана Avia Traffic компаниялары аптасына эки жолудан учат", — деди Акышев.

Ошондой эле ал Кувейт жана Өзбекстандын авиакомпанияларынан туруктуу каттамдарды ачуу боюнча сунуш түшкөнүн, учурда бул маселе Республикалык штабда каралып жатканын кошумчалады.

Кыргызстандан Россияга кетчү каттамдар. Күнү жана шарты

Буга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин ортосундагы аба каттам кайра жанданганы айтылган эле. Алгачкы учактар 14, 21, 28-август күндөрү абага көтөрүлөт.

Ал эми россиялык "Аэрофлот" эпидемиологиялык абалга байланыштуу деп буга чейин пландалган август айындагы бардык каттамдарын токтоткон.