Минскидеги шайлоодон кийинки башаламандык. Жабыркагандар бар. Видео

Жекшемби күнү Беларуста президенттик шайлоо өткөн. Ага беш талапкер, анын ичинде азыркы президент катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. – Sputnik. Беларустун борборундагы "Минск – баатыр шаар" стеласынын жанындагы Минскидеги акциянын катышуучуларын кууп таратууда кулак тундуруучу гранаталар колдонулду. Бул тууралуу Sputnik кабарчысы жеринен билдирди.

"Ал жерде жарадар болгон адамдарды көрүүгө болот, алардын жараатын таңып жардам берип жаткандар да бар. Ондогон адамдардын кармалгандыгы айтылууда", - деп жазылган маалыматта.

Эске салсак, бүгүн Беларуста мамлекет башчыны тандашкан. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо өттү деп түшкө чейин эле тааныган. Алардын маалыматында, жергиликтүү убакыт боюнча 12:00гө карата шайлоочулардын 54 пайызы болочоктогу мамлекет башчыга добуш берген.

Беларусь: президенттик шайлоодо Лукашенко алдыда. Exit poll, БШКнын жыйынтыгы

Ал эми БШК кечке жуук Лукашенко добуштардын 82 пайызын алгандыгын билдирген.

Андан көп өтпөй Минск жана Витебск шаарында тартип коргоо кызматкерлери президенттик шайлоодон кийин нааразылык акциясына чыккан адамдарды кармап, автобустарга сала баштагандыгы айтылган.