Элдин жаалы менен... Ливан өкмөтү отставкага кетүүдө

Ливандын борборундагы жардыруунун кесепети элдин бийликке болгон нааразычылыгын күчөтүп, башаламандык жаралган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Ливан өкмөтү толук курамы менен отставкага кеткенин РИА Новости жазды.

Мындай билдирүүнү саламаттык сактоо министри өкмөттүн жыйынынан кийин жар салган. Айрым министрлер кызматын тапшырууну эмитеден баштаганы айтылат.

Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарында катуу жарылуу болуп, 150дөн ашык адам көз жумса, алты миңден көбурөөгү жабыркаган

Бейруттагы жарылуу: чаңырып эшикке чуркашты. Үйлөнүп жаткандардын качкан видеосу

Мындай трагедия элдин бийликке болгон нааразычылыгын ого бетер күчөтүп, башаламандыкты шарттаган. Акцияга миңдеген киши чыгып, ал бир нече күндөн бери токтобой келет. Кырсыкка чейинки жана азыркы талаптарынын бири өкмөттү отставкага кетирүү болчу.