Өткөн суткада коронавирустан 6 киши каза тапты

Бийлик вирус дагы деле кооптуу экенин айтып жатат. Ал эми күзүндө илдет күчөшү мүмкүн деген божомол дагы бар.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстан боюнча коронавирустан алты адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

"Бишкек шаарында үч, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден бейтап көз жумду", — деп айтылат маалыматта

Кыргызстанда 407 бейтап ооруну жеңип, үйүнө чыкты

Пандемия башталгандан бери каза болгондордун жалпы саны 1 474кө жетти.