Эми Кыргызстанга учак менен келип-кеткендер кандай эрежеге баш иет? Алгоритм

Саналуу күндөрдө Кыргызстандын жарандары чет өлкөлөргө учуп барып келүүгө мүмкүндүк алат. Тагыраагы, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлигине (БАЭ) туруктуу авиакаттамдар жандана баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Республикалык штаб эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү үчүн иштелип чыккан алгоритмди жарыялады.

Эске салсак, саналуу күндөрдөн кийин Кыргызстандын жарандары чет өлкөлөргө учуп барып келүүгө мүмкүндүк алат. Тагыраагы, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлигине (БАЭ) туруктуу авиакаттамдар жандана баштады.

Алардын кызматын пайдаланууда төмөнкү эрежелер сакталышы керек:

  • учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында жана жүргүнчүлөрдү отургузууга чейин бет кап тагынуу, аралыкты сактоо зарыл;
  • аба кемесинде, аэробекеттик комплекстердин учуп келүү залдарында жүргүнчүлөрдүн термометриясын текшерүү;
  • жүргүнчүлөрдө коронавирус инфекциясына шектенүү болгон учурда анын жанында жайгашкан 6-8 орундагылар обсервацияга жатышат. Андан ары медиктердин байкоосунда болот;
  • байланышта болгон адамдардын чөйрөсүн аныктоо зарыл болгон учурда "Манас" ААК эл аралык аэропорту санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлерине жүргүнчүлөрдүн тизмесин берет;
  • клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр андан ары маршрут боюнча жүрө алышат.

Эл аралык каттамдар жанданууда. Эми кыргызстандыктар сыртка чыга алабы?

Чет элдик жарандар же жарандыгы жок жактар (адистер) КР аймагына иштөөгө келгенде:

  • мамлекеттик чек арадан өтүп жатканда термометриядан өткөрүлөт;
  • клиникалык белгилер байкалган учурда ПЦР-тест алынып, ооруканага жаткырылат;
  • клиникалык белгилери жок адамдар ПЦР-анализ жүргүзүүнүн жыйынтыгын алганга чейин чакырган адамдар тарабынан алдын ала даярдалган жерге барып туруулары керек;
  • ПЦР-анализдери терс чыккан учурда аларга жумушка чыгууга уруксат берилет;
  • чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын (адистердин) обсервациядан өтүүсү, ПЦР-анализ тапшыруусу жана транспорт чыгымы чакырган тараптын эсебинен жүзөгө ашырылат.