Бишкектин Ленин районуна жаңы аким келди

Райондун буга чейинки башчысы өзү жазган арыздын негизинде кызматтан бошотулган. Эми анын орун басары аймакты тескемей болду.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчылыгына Чынасыл Чыныбаев дайындалды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койгон.

Октябрь районуна жаңы аким дайындалды

Ал эми мурдагы башчы Токтосун Султанов өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Жаңы жетекчи Чыныбаев анын биринчи орун басары болуп иштеп келген.