Россиядан 420 кыргызстандык келди. Арасында 35 бала да бар

Жүргүнчүлөр негизинен Россиянын жогорку окуу жайларында билим алып жатышкан студенттер, кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бүгүн Москва — Бишкек каттамы боюнча Кыргызстанга Россиядан 420 кыргызстандык келди, арасында жашы жете элек 35 бала бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

"Бул каттам менен Россиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар  болду. Мындан сырткары, мекенине келүүгө олуттуу себеби бар: катуу ооругандар, операция болгондор, жакындарын жоготкон жана кыйын тагдырга туш болгон кыргызстандыктар келишти", — деп айтылат маалыматта.

Сырттан келгендер үчүн алгоритм өзгөрдү. Эмне талап кылынбайт?

Пандемиядан улам чет жерлерде калып калган мекендештерди алып келүү боюнча аракеттер улантылып жатканын ТИМ белгилейт.