Өлүмгө чейин жеткирген Кытайдагы SFTS вирусу. Адис анын кооптуулугу боюнча үн катты

Адис аталган вирусту жуктуруп алгандан кийин канда тромбоциттер азайып, жыйынтыгында ал геморрагияга (кан тамыр жарылып, канталап кетет) алып келе турганын маалымдаган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Россиянын мурдагы санитардык дарыгери, Мамлекеттик Думанын депутаты, медицина илимдеринин доктору Геннадий Онищенко RT телеканалына Кытайда тарап жатат делген жаңы SFTS вирусу тууралуу айтып берди.

"Коркунучтуу эч нерсе болбойт. Коронавируста деле канда тромбоциттер азайып кетчү. Бул маалымат бүгүн пайда болду, эртең эми кырдаал ачыкталат. Кооптонууга негиз жок, анын үстүнө Кытайдын чек арасы жабык, чет элдик жарандарды кабыл ала элек", — деди Онищенко.

Вирусолог, медицина илимдеринин доктору, профессор Анатолий Альтштейн дагы RT телеканалында сүйлөп жатып, аталган вирусту жуктуруп алгандан кийин канда тромбоциттер азайып, жыйынтыгында ал геморрагияга (кан тамыр жарылып, канталап кетет) алып келе турганын маалымдаган.

Билл Гейтс: бизди коронавирустан дагы чоң алаамат күтүп турат

"Бул буньявирус — өтө чоң отряд. Ал жакта ооруну козгогучтар көп. Алардын айрымдары Россияда деле кенен жайылган. Ал эми SFTS вирусун алып карай турган болсок, ал бизден табыла элек", — деди Альтштейн.

Ал SFTS вирусу Кытайда табылганын, мындан сырткары, Түштүк Кореядан да чыкканын кошумчалады.

"Бул вирус кене аркылуу жугат да, катуу оорутат. Бул илдеттин эпидемиясы башталып кетет деп кооптонууга кажет жок. Анткени адамдан адамга жукканда ал күчүн жоготуп коет", — деди адис.

Акыркы маалыматтар боюнча, вирус 60 кишиде табылып, жетөө көз жумду. Башында инфекция Цзянсу провинциясында катталса, кийинчерээк Аньхой провинциясынын тургундарынан да аныкталган.