Коронавирустун мурда кездешпеген жаңы белгиси табылды. Чикагодогу окуя

Бейтапта COVID-19 илдетинин типтүү белгилери катары саналган жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү жана көкүрөгү ооруган учурлар болгон эмес. Деген менен ал киши төрт күн бою ыктыткан.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Америкалык медиктер бат-баттан ыктытуу коронавирустун симптомдорунун бири болушу мүмкүн деп эсептешет. Бул тууралуу The American Journal of Emergency Medicine журналына таянып, РИА Новости жазды.

Медиктер Чикагодон келген сыркоонун ден соолугун текшерүүгө алгандан кийин ушундай тыянакка келишкен. Анда COVID-19 илдетинин типтүү белгилери катары саналган жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү жана көкүрөгү ооруган учурлар болгон эмес. Деген менен ал киши төрт күн бою ыктытып, кыйналган.

Ал тапшырган тестинде коронавирус бар экени аныкталып, өпкөсүнүн карарганы билинген. Бейтапта, мындан сырткары, өнөкөт оорусу болгон.

Дарыгерлер белгилегендей, коронавируска чалдыккан бейтап мындай көйгөй менен кайрылган алгачкы расмий катталган учур. Буга байланыштуу медиктер COVID-19 илдетин алып келиши мүмкүн деген ыктытууга көңүл бурууга чакырат.

Жолдошев: коронавирус көз аркылуу жугат деген божомолдор бар

Дарыгерлер коронавирус дагы деле толук бойдон изилдене электигин, ошондуктан вирус инфекциясынын типтүү эмес ар бир көрүнүшүнө көңүл буруу керектигин айтышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, коронавируска чалдыккандардын саны дүйнөдө 19 миллиондон ашып, 714 миң адам каза болгон.