Өлкөдө коронавирусту дагы 541 адам жеңди

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев коронавирустан ооруп айыккандан кийин аны кайра жуктуруп алам деп коркпош керектигин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 541 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар (пневмонияны эсепке алганда):

  • Бишкек – 67;
  • Чүй облусу – 59;
  • Ош облусу – 96;
  • Талас облусу – 18;
  • Нарын облусу – 15;
  • Ысык-Көл облусу – 83;
  • Жалал-Абад облусу – 81;
  • Баткен облусу – 22;
  • Ош шаары – 100.

Жээнбеков: ооруканалардын курулушуна 100 млн доллар салчу адамдар бар

Кыргызстанда коронавируска чалдыгып, бирок айыгып чыккандарды саны бүгүнкү күндө 31 822 адамга жетти.