Окумуштуулар кайсы өсүмдүк жүрөк ооруларына, кант диабетине жардам берерин айтты

Буурчак дандары (буурчак, кой буурчак, жасмык) жүрөк-кан тамыр системасына жакшы таасир этип, анын эсебинен адамдагы кант, холестерин азаят.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Буурчак өсүмдүктөрү кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүп, жүрөк ооруларын алдын алат. Бул тууралуу “Известия” жазып чыкты.

Канададагы Гуэлфск университетинин дарыгерлеринин айтымында, буурчак азыктар жүрөк-кан тамыр системасына жакшы таасир этип, анын эсебенин организмдеги кант жана холестерин азаят.

Ал эми Food.news интернет порталы жогорудагы өсүмдүктөр кан тамырларды жабыркатпай турганын жазат. Бирок ошол эле маалда аны бардык илдеттерге шыпаа болот деп санабоо керектигин эскертет.

Чач түшпөсүн, тырмак сынбасын десеңиз... С витамини көп 8 азыктын тизмеси

Анын курамында түрдүү клетчатка жана белок арбын. Адистер андан тамак-аш даярдоо алдында буурчактарды сегиз саатка чейин сууга чылап койсо, көбүүрөк пайда болорун баса белгилешет.