Бейрутта жарылуудан тирүү калган адамдарды издөө иштери аяктады

Издөө-куткаруу иштери аяктады. Ливандын Коргоо министрлиги жаңы адамдар табылат деп күтпөй турганын расмий билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бейруттагы жарылуудан кийин тирүү адамдарды издөө иштери аяктады, учурда урандыларды тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги РИА Новостиге билдирген.

"Издөө-куткаруу иштери аяктады, ал эми авариялык-куткаруу иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, Ливандын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү кабыл алуучу тарап катары урандылардын алдынан жаңы адамдар табылат деп күтпөй турганын расмий билдирген.

Кыйратуучу жарылуу 4-августта Бейруттун деңиз портунда болгон. Жарылуунун толкуну менен ондогон көп кабаттуу үйлөр, автоунаалар талкаланып, шаардагы көпчүлүк кварталдагы имараттардын терезелери сынган. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, жарылууга 2014-жылдан бери кампада 2750 тонна аммиак селитрасынын туура эмес сакталганы себеп болгон. Жарылуудан 158 киши каза болуп, алты миңден ашык адам жаракат алышкан.

14 киши көз жумду. Индияда учак экиге бөлүнүп кетип, кырсыктаган видео

Россия Ливанга ӨКМдин бир нече учагын жиберген. Жарылуу болгон жерден беш чакырым алыс жерге талаа ооруканасы ачылган. Россиянын куткаруучулары Бейруттун портунда иштерин улантып жатат.