БШК: Белоруссияда президенттик шайлоо өттү, 54 пайыз шайлоочу добуш берди

Белоруссияда тизмеге кирген шайлоочулардын 50 пайызы добуш берсе, президенттик шайлоо өттү деп эсептелет.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Белоруссиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттик шайлоо өттү деп тааныды. Бул тууралуу БШК башчысы Лидия Ермошина билдиргенин РИА Новости жазды.

Минскинин убактысы боюнча саат 12:00гө карата шайлоочулардын 54 пайызы болочоктогу мамлекет башчыны тандап койгон.

Бүгүн Белоруссияда президенттик шайлоо болуп жатат

Белоруссияда тизмеге кирген шайлоочулардын 50 пайызы добушун берсе, президенттик шайлоо өттү деп эсептелет. Мамлекет башчы шайланышы үчүн катышкан жарандардын 50 пайыздан ашыгынын добушуна ээ болушу зарыл.

"Өлкөдө президенттик шайлоо өттү деп саналды. Шайлоочулардын 54 пайыздан ашыгы добуш берүүгө катышты", - деген Ермошина.

Президенттик кызмат орунга бул сапар беш киши талапкер болууда. Алар: алтынчы мөөнөткө аттанып жаткан Александр Лукашенко, парламенттин төмөнкү палатасынын экс-депутаты Анна Канопацкая, "Чындыкты айт" ("Говори правду") коомдук бирикмесинин тең төрагасы Андрей Дмитриев, "Грамада" Белоруссия социал-демократтар партиясынын төрагасы Сергей Черечень жана жумушсуз Светлана Тихановская.