БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. 9-август күнү, жекшембиде, республика боюнча жаан-чачын болуп, айрым аймактарда нөшөрлүү жамгыр жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас өрөөнүндө +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +20...+25, Нарын жергесинде +21...+26 градус ысык болот.
Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +30...+32, Ош шаарында +32 ...+34 градуска чейин көтөрүлсө, Чолпон-Атада +21...+23 градусту көрсөтүп турат.