УКМК: ИИМдин бөлүм башчылары кол астындагылардан акча талап кылган

Тергөөнүн жүрүшүндө подполковник орун басары менен кол астындагылардан 2 миң доллар талап кылганы аныкталды.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан ИИМдин тутумундагы өзүнчө бөлүмдүн жетекчилиги кол алдындагылардан акча талап кылганы аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш КР Жазык кодексинин 326-беренесине (“Пара талап кылуу”) ылайык Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

“2020-жылы 8-августта УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте министрликтин кайтаруу кызматынын жетекчилигинин жардамы менен аталган кызматтын 3-батальонунун командири, милициянын подполковниги А.Н. жана анын орун басары милициянын лейтенанты Н.Б. акча алып жаткан жеринен кармашкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө А.Н. жана Н.Б. кол астындагылардан алардын кызмат ордун сактап калуу үчүн 2 миң доллар (АКШ) талап кылганы аныкталды. Акча бербесе ээлеген ордунан бошотулуп, ИИМден чыгарыларын айтышкан”, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Талас облусунун башчысынын велосипедченди сүзүп кеткен кеңешчиси 2 айга камалды

Учурда шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.