Австриялык айым таштанды баштыгынан 16 миң евро таап алды

Ташталган баштыктын жанынан өтүп бара жатып, ал айым бирөөлөр жолго таштанды калтырып кетиптир деп ойлогон.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Австриянын жашоочусу таштанды баштыктан 16 миң евро таап алып, полицияга өткөрүп берди. Бул тууралуу жергиликтүү Kronen Zeitung басылмасына таянып РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, акча салынган таштанды баштыгын Жогорку Австриянын Фёклабрук федералдык округунун жашоочусу, 26 жаштагы кыз таап алган. Ташталган баштыктын жанынан өтүп бара жатып, ал айым бирөөлөр жолго таштанды калтырып кетиптир деп ойлогон. Бирок анын ичинде ири суммадагы акча бар экенин көргөн.

Бишкек: үйдөн сейфти 2,5 млн. сому менен көтөрүп кетти деген шектүүлөр кармалды

Кыз табылга боюнча полицияга дароо маалымат берген. Акча 28 жаштагы кишиге таандык экени аныкталган. Баштыгын кокусунан жолго калтырып, кийинчерээк таппай калып, ал полицияга кайрылган. Полиция акчаны ээсине кайтарып берген.