ТИМ Россия жана Түркиядан келген мекендеш дарыгерлерди сыйлады

Сыйлыктарды тапшырган тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков дарыгерлердин COVID-19 эпидемиясына каршы күрөшүүдөгү эмгегин жогору баалады.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Россия жана Түркиядан Кыргызстанга келип, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүгө салым кошкон  мекендеш-дарыгерлерди Тышкы иштер министрлиги сыйлады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Салтанат министрликте өтүп, сыйлыктарды министр Чыңгыз Айдарбеков тапшырды. Өз сөзүндө ал пандемияга каршы күрөштө медицина кызматкерлеринин кесипкөй эмгегин жогору баалаган.

“Пандемия күч алган тушта сиздер үч миңдей адамга медициналык жардам көрсөтүп, абалы оор жана өтө оор бейтаптардын өмүрүн сактап, эң оор шарттарда иш алып бардыңыздар. Баарыңыздар “кызыл зонада” иштедиңиздер, ошол эле маалда семинарларда, лекцияларда жергиликтүү дарыгерлерди окутуп, тажрыйба, билимиңиздер менен бөлүштүңүздөр. Сиздер учурдун баатыры экени талашсыз”, — деди Айдарбеков.

Маалымат кызматынын билдиришинче, саламаттык сактоодо ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана жетишкендиги үчүн Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгынын юбилейлик медалы менен жети дарыгер сыйланды. 31 медицина кызматкерине “Күжүрмөн эмгеги жана COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө кошкон салымы үчүн” ыраазычылык айтылды.

Эскерте кетсек, өкмөт да буга чейин өзгөчөлөнгөн дарыгерлерди Ардак грамота менен сыйлаган болчу.