Сууга түшүрүп алган смартфонду кайра кантип иштетүү керек. Адистин кеңеши

Адис азыркы телефондордун көбү сууга туруштук берерин, эгер аны тез арада чыгарып алса кайра иштээрин айткан. Бирок аны бир сутка өткөн соң бир ирет өчүрүп, кайра күйгүзүп алуу керек.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Сууга түшүп кетип күйбөй жаткан смартфонду кантип иштетип алса болорун РИА Новости агенттигине "Цифровые платформы" аналитикалык борборунун стратегиялык коммуникация боюнча директору Александра Гаврилова айтып берди.

Адис азыркы телефондордун көбү сууга туруштук берерин, эгер аны тез арада чыгарып алса, аман каларын айтат. Бирок аны бир сутка өткөн соң бир ирет өчүрүп, кайра күйгүзүп алуу керек.

Смартфон мээни "таштанды челекке" айлантат. Дарыгердин түшүндүрмөсү

"Эгер телефон суудан чыкканда күйбөй калса, аны чукулап иштеткенге аракет кылбаңыз. Ошол маалда алмаштырууга болбой турган тетиктерин бузуп алышыңыз мүмкүн. Өз алдынча дагы кургатууга аракет кылбаңыз. Андан көрө телефон оңдоочу жайларга алып барсаңыз, адистер ачып, керектүү жерлерин кургатып, кайра иштетип берет", — деди Гаврилова.

Анын айтымында, бул кызмат анча кымбат эмес. Демек, телефондун баалуу тетигин алмаштырып же жаңы аппарат алгандан көрө алда канча пайдалуу.