Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын кожоюндары кимдер? Тизме

Күздөгү парламенттик шайлоого катышуу ниетин 44 саясий партия билдирди. Sputnik Кыргызстан алардын лидерлери жана негиздөөчүлөрү тууралуу макала даярдады.
Sputnik

Шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышууну каалаган 44 партия БШКга арыздарын беришти. Маалымат Юстиция министрлигинин сайтынан жана Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын сайтынан алынды.

Партия тууралуу кененирээк маалымат билүү үчүн анын аталышын басыңыз.

Маалыматта айырмачылыктар болуп жаткандыктан, булактарды көрсөтүү менен эки вариантты тең бердик. Ошондой эле партиялардын катталган (жаңы уюшулган) жана кайра катталган (партиянын саясий курамы өзгөргөндө) убактары көрсөтүлгөн.

Кызыгы, партияны кимдер түзгөндүгү тууралуу маалыматты айрымдар көрсөткөн эмес. Мындан тышкары, бул 44 партия тең парламенттик шайлоого катыша алат деген кепилдик жок. 24-августка чейин алар талапкерлердин тизмесин берүү менен күрөө коюшу керек. Ал эми 4-сентябрга чейин БШК каттоого алат же баш тартат.