БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы коронавирус менен күрөшүп жүрүп өтүп кеткен медиктерге эстелик тургузуу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу окуу жайдын хирургия кафедрасынын доценти Жылдыз Коңурбаева билдирди.
"Бул демилгени биринчилерден болуп биздин кафедраны жетектеген профессор, медицина илимдеринин доктору Рахатбек Оморов сунуштады. Биринчи төлөм акы катары ал 1000 доллар берди. Адам дарыгерлердин абалын түшүнүүсү маанилүү. Ал эми КРдин эмгек сиңирген скульптору Дүйшөн Жолчуев бул идеяны ишке ашыруу каалоосу бар экенин айтты", — деди Коңурбаева.
Жылдыз Коңурбаева белгилегендей, идеянын авторлорунун максаты — коомдун көңүлүн медиктерге буруу. Эстелик тургузуу менен элге кызмат кылып жүрүп каза болгондорду ар дайым эстеп жүрүүнү ойлошкон.
Маалым болгондой, эстелик окуу жайдын башкы корпусунун аллеясына орнотулат. Анткени каза болгон медиктердин көбү кезинде дал ушул окуу жайды бүтүп кетишкен.
КММАдагы хирургия кафедрасынын ассистенти Сыймык Сапаровдун айтымында, эстеликтин композициясы эки бөлүктөн турушу мүмкүн.
"Адис жумуштарын баштады. Болжол менен эстелик эки фигурадан турат. Анын бири дарыгер, экинчиси медайым. Алардын коронавирус менен күрөшүп жаткан учуру көрсөтүлөт", — деди Сапаров.
Идеяны колдоп, долбоорду ишке ашырууга материалдык жактан жардам берем дегендер кафедрага кайрылса болот.
КММАнын профсоюз фондунун атайын эсеби жана байланыш телефондору:
- Бишкек, Ахунбаев көчөсү, 92;
- Атайын эсеби: 1030220000185275, БИК 103002;
- Байланыш телефону — 0 (552) 103 686.