Бишкекте автоунаалар менен жарышка түшкөн троллейбус. Айдоочусу жазаланды. Видео

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, видео кечээ, 6-августта, болжол менен кечки саат 18:00дө тартылган. Айдоочу эми жол эрежеси боюнча кайра экзамен тапшырат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Борбор калаада троллейбустардын биринин айдоочусу туура эмес айдагандыктан жол кырсыгына кабылып кала жаздады. Бул тууралуу "Короче" Telegram-каналы маалымдап, видеосун жарыялады.

Анда көрүнүп тургандай, Юнусалиев көчөсү менен кетип бараткан коомдук транспорттун айдоочусу Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосуна келгенде жеңил автоунаалардан буйтап ашып өтүп, катуу ылдамдык менен айдаган.

Бишкек троллейбус башкармалыгы окуяны териштирип, кайсы каттамдын айдоочусу экенин тактаган.

"№ 17 троллейбустун айдоочусу С. Кожоев менен жол эрежесин сактоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү. Айдоочу жол эрежеси боюнча экзамен тапшырып, айып пул төлөгүчөктү жумуштан бошотулду", — деп айтылат билдирмеде.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, видео кечээ, 6-августта, болжол менен кечки саат 18:00дө тартылган.