7-августта кечинде Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылына УКМКнын атайын кызматкерлери Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция менен кирген. Бирок ал күнү аскерлер экс-президентти алып кете алган жок. Саясатчынын тарапташтары аскерлердин чабуулун четке кагууга жетишкен. Эртеси Кой-Ташта милиция менен оппозициячылар кагылышты. ИИМ экинчи ирет аракет кылып Атамбаевди алып кетти. Атамбаевди кармоо операциясы болгон эки күндө 136 адам жарадар болуп, атайын даярдыктагы бир аскер ок жеп көз жумду.
Атамбаев менен Жолдубаева жазага тартылды. Сот залынан видео
Алмазбек Атамбаев УКМКнын абагына киргизилип, аны менен кошо дагы бир топ үзөңгүлөштөрү камакка алынган. Кой-Таш окуясы боюнча иште Алмазбек Атамбаев, тарапташтары Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев жана Нооруз Капарбек уулу өтүп келет. Ал эми депутаттар Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, кеңешчиси Кундуз Жолдубаева үй камагында.