Жумага карата аба ырайы

7-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз тоо кыркаларында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда күн ачык болот.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Эртең, 7-августта, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ош жана Жалал-Абад, Баткенде +33…+38, Таласта +31…+36, Ысык-Көл өрөөнүндө +24...+29, Нарын жергесинде +25...+30 градус болору айтылды.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында күндүн көзү бузулбайт. Борбор калаада термометр +36...+38, Ош шаарында +32 ...+37, Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтөт.