Шевченко Tapology версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди

Жалпысынан рейтингге 224 спортчу киргизилген. Арасында карьерасын эбак жыйынтыктап, бирок эл оозунда айтылып келе жаткандар дагы бар.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстандан чыккан UFC мушкери Валентина Шевченко Tapology спорттук басылмасынын версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди. Толук тизме порталдын сайтына жүктөлдү.

Жаңыртылган маалымат боюнча, Шевченко 58-орунду ээлеп турат. Жалпысынан рейтингге 224 спортчу киргизилген. Арасында карьерасын жыйынтыктаган атактуу спортчулар дагы бар. Аларга бааны ММА сүйүүчүлөрү берген.

Аралаш мушташ тарыхында эң мыкты мушкер деп канадалык Жорж Сен-Пьер табылган. Ал UFC уюмунда эки салмак категория боюнча чемпион болгон. Экинчи сапты учурда орточо оор (93 килограмм) салмакта бел курду тагынып турган америкалык Жон Жонс ээлеген. Үчүнчүгө мурдагы чемпион, бразилиялык белгилүү мушкер Андерсон Силва илинген.

Төртүнчү орунга UFC уюмундагы чемпиондук наамын бир нече жылдар бою коргоп келип, азыр башка компания менен иштешкен Деметриус Жонсон, ал эми бешинчиге россиялык Федор Емельяненко жайгашкан.

Валентина Шевченконун титулун кантип коргой турганы маалымдалды. Видео

UFC уюмунун учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов сегизинчи орунга, анын эзелки атаандашы, мурда эки салмак категориясында бел курду тагынып турган ирландиядык Конор Макгрегор 17-орунга татыган.

Кыз-келиндердин арасында бразилиялык Аманда Нуньес лидер болгон. Ал 20-сапка илинсе, UFC уюмунун аялдар арасындагы алгачкы чемпиону Ронда Роузи 44-орунга жайгашкан.