БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 549 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетин жуктуруп алгандар:
- Бишкек – 162
- Ош – 81
- Чүй облусу – 38
- Ош облусу - 71
- Талас облусу – 36
- Нарын облусу – 12
- Ысык-Көл облусу – 45
- Жалал-Абад облусу – 44
- Баткен облусу – 60
Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын саны 38 659га жетти.