Акыркы суткада коронавирустан 9 киши каза тапты

Оору күчөп турган бир нече апта мурда бир суткада көз жумгандардын саны 80ден ашкан фактылар катталган. Акыркы кезде көрсөткүч азайып келе жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Акыркы сутка ичинде Кыргызстан боюнча коронавирустан тогуз адам каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Аймактар боюнча алганда төмөнкүдөй:

  • Бишкек шаарында – 5;
  • Ош облусунда – 2;
  • Баткен облусунда – 2.

Жалпы каза болгондордун саны — 1447.