Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, кыргызстандык аскер жаракат алды

Учурда чек ара кызматтарынын Баткен (Кыргызстан) жана Исфара (Тажикстан) облустары боюнча өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. – Sputnik. Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында коңшулар тараптан ок атуу болуп, Кыргызстандын чек арачысы жаракат алды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

“Баткен облусунун Эки-Таш аймагында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык курал менен Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерине ок аткан. Жыйынтыгында ок аскердин колун тешип өткөн”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ага медициналык жардам көрсөтүлүп, ушул тапта абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Азыр чек ара кызматтарынын Баткен (Кыргызстан) жана Исфара (Тажикстан) облустары боюнча өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп жатат.

Абал туруктуу.