БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Германия өкмөтү Кыргызстанга техникалык жана финансылык кызматташтыктын алкагында 41,8 миллион евро гранттык каражат бөлөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн өкмөттөр аралык келишимин 29-майда ратификациялаган. Жогорку Кеңеш аны 25-июнда бекиткен.
Жогорудагы суммадан 21,8 миллион евро төмөнкүдөй техникалык кызматташтык долбоорлоруна берилет:
- "Перинаталдык саламаттык сактоого көмөк көрсөтүү" (4 миллион);
- "Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү" (6 миллион);
- "Кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү" (5 миллион);
- "Биологиялык ар түрдүүлүк жана жаңгак токойлору менен жайыттарды муниципалдык колдонуу жолу менен жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу" (2,9 миллион);
- "Изилдөөлөр жана адистер фондун түзүү" (2,5 миллион);
- "Кыргыз Республикасында сапат үчүн мааниси бар кызматтарды пайдаланууга көмөк көрсөтүү" (1,4 миллион).
Түштүк Корея Кыргызстанга COVID менен күрөшүүдө финансылык жардам берет
Финансылык каржылоо алкагында бөлүнгөн 20 миллион евро төмөнкүдөй долбоорлорду ишке ашырууга берилет:
- "Нарк жаратуу тизмеги" финансылык секторунун программасы" (9 миллион);
- "Нарк жаратуу тизмеги" финансылык секторунун программасы — коштоочу чаралар" (1 миллион);
- "Саламаттык сактоо боюнча сектордук долбоор" (10 миллион).
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.