Бишкектин четиндеги айылга жакын жерден өрт чыкты. Сүрөт

Өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге кечки саат он бирден өтүп барышкан. Учурда канча аянт күйгөнү жана тилсиз жоонун себеби аныктала элек.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Орто-Сай айылында тоонун боорунда куураган чөптөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 23:25те Ленин районунан бир бөлүм тартылган.

Окуя болгон жерге барган Sputnik агенттигинин кабарчысы тилсиз жоо өчүрүлгөнүн айтты.

Жалын чачырап! Ош шаарындагы кафенин өрттөнүп жаткан видеосу

ӨКМ кошумча маалымат бериле турганын убадалады.