Жүрөктүн үшүн алган сел Арсланбап айылын каптады. Видео

Куткаруучулар жергиликтүү эл менен кошо кечээтен тарта селдин кесепеттерин четтетүү аракеттерин көрүп жатышат. Алар короо жайларды жана жолдорду тазалашууда.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Арсланбап айылында дагы катуу сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуянын жеринен тартылган видеосун "Короче" Telegram-каналы жарыялады.

Видеодо сел үйлөрдүн короо-жайларына кирип, жолдорду жарактан чыгарууда.

ӨКМдин маалыматы боюнча, сел кечээ, 5-августта, саат 19:00дө тоолордо жааган катуу жаандан улам жүргөн. Анын кесепетинен 10 турак үйдүн короосуна суу толгон. Сарайлардын дубалдары ураган. 1,2 чакырым жол бузулуп, бир электр мамычасы кулаган.

Жапа чеккендер болгон эмес.

Селдин кесепетин жоюу үчүн жерине атайын техникалар жана ӨКМдин ыкчам тобу тартылган. 50 жергиликтүү тургун аларга жардам берип жатышат.

Кечээтен бери алар үч үйдүн короосун тазалашты, иш бүгүн да уланып жатат.