Радио

Чаргынов: Бишкекте 12 миллион чарчы метр аянт хлор менен дезинфекцияланды

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов ушул күндөргө карата Бишкек шаары боюнча 16 тонна хлор колдонулганын белгиледи.
Sputnik
Чаргынов: Бишкекте 12 миллион чарчы метр аянт хлор менен дезинфекцияланды

Борбор калаада жалпысынан 12 миллион чарчы метр аянтта дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Адилбек Чаргынов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул иштер үчүн өздүк курамдан 500гө чукул кызматкер жана колдо бар техниканын баары тартылган.

Пневмониянын жайылышына дезинфекциялоо иштери себеппи? Адистердин пикири

"Коронавирусту жайылтпоо максатында базарларда, сейил бактарда, адам көп чогулган жерлерде жалпысынан 12 миллион чарчы метр жерде дезинфекция иштери жүргүзүлдү. Анын ичинде ооруканалардагы, стационарлардагы, ошондой эле жаңы конуштардагы оорунун очогу болгон жерлер дезинфекцияланды. Бизде чачылып жаткан хлордун тийиштүү сертификаттары бар. Андан тышкары шаардык санитардык көзөмөлдөө борборунан үлгү алып текшерүүлөрдү жүргүзүп турабыз. Учурда ӨКМ тарабынан коронавирустун экинчи толкунуна даярдыктар көрүлүп, эл аралык уюмдар менен кампага корлор камдалууда. Шаарда эпидемиологиялык абал жакшырып, оорунун катталуусу токтосо дезинфекция иштери дагы акырындап токтойт", — деди Чаргынов.

Ал ЖРТ тапшырылган имараттар хлор менен дезинфекцияланганын, учурда шайлоо участокторунда бул иш уланып жатканын кошумчалады.