Ысык-Көлдө жүрөк үшүн алган жол кырсыгы болду. Окуя болгон жердеги видео

Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок, милиция жеринде иштеп жатат. Кырсык Каракол — Теплоключенка жолунда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү жол кырсыкта автоунаалардын бири талкаланып калган.

Каргаша болгон жердеги видео "Короче" деп аталган Telegram-каналга жарыяланды.

Кадрлардан кызыл түстөгү автоунаа жолдон чыгып кеткенин, анын үстү талкаланып калганын көрүүгө болот. Ал эми жолдогу күмүш түстүү автокөлүктүн капталы талкаланган. Эки автоунаанын тең үлгүсүн видеодон так аныктоого мүмкүн эмес.

Айдоочу аял ичип алган. Чүйдө кырсыктагандар ооруканага жеткирилди. Видео

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, кырсык Каракол — Теплоключенка жолунда болгон. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок, милиция жеринде иштеп жатат.