Бишкек: билим берүү чөйрөсүнөн 14 кызматкер COVID-19дан көз жумду. Экөө жетекчи

Коронавирус Бишкек шаарынан сегиз мугалимдин өмүрүн алган. Мындан сырткары, бала бакчаларда тейлөө кызматында иштеген кенже кызматкерлер, эки жетекчи да көз жумган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг.— Sputnik. Пандемия башталгандан бери Бишкекте билим берүү тармагынан 14 кызматкер коронавирус жуктуруп каза болду. Бул тууралуу Бишкектеги билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева Sputnik Кыргызстан агенттиги уюштурган онлайн-брифингде билдирди.

"Тилекке каршы, пандемия учурунда шаардын билим берүү тармагы 14 кызматкеринен айрылды. Оорудан бир мектеп жетекчиси жана бала бакчанын бир башчысы көз жумду. Калганы мугалимдер жана бала бакчаларда тейлөө кызматында иштеген кызматкерлер", — деди Иманалиева.

Ал каза болгондордун жакындарына компенсация төлөп берүү маселеси чечилип калат деген үмүттө экенин кошумчалады. Маселе азыркы тапта райондук акимчиликтерде каралып жатат.