Өлкө боюнча бир суткада 767 киши коронавирусту жеңди

Белгилей кетсек, Россиядан келген дарыгерлер кыргызстандык врачтардын COVID-19 илдетин дарылоо жолун жакшы өздөштүргөнүн айтууда.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстан боюнча 767 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

Аймактар боюнча карай келгенде төмөнкүдөй болду:

  • Бишкек шаары– 184;
  • Ош шаары – 65;
  • Чүй облусу – 104;
  • Ош облусу – 102;
  • Талас облусу – 77;
  • Нарын облусу – 9;
  • Ысык-Көл облусу – 80;
  • Жалал-Абад облусу – 98;
  • Баткен облусу – 48.

Жалпы айыккандардын саны — 29 510.

Күз айларында кайталанышы мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна өкмөт даярдык көрүп, анын алкагында вирус менен күрөшүү үчүн адистерди окутуп жатат. Кыргызстанда 18 миң медицина кызматкери кайра даярдыктан өткөндүгү айтылды.