Боронов эмдөө жана аймактарда ооруканаларды кеңейтүү боюнча тапшырма берди

Отурумдун жүрүшүндө Баткен жана Талас облустарын медициналык жабдуулар, дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу маселелери да талкууланды.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Тиешелүү органдар калкты убагында эмдөө үчүн бардык шарттарды түзүшү керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтты.

Боронов жарандардын аяр катмарына мезгилдик сасык тумоого каршы өз убагында эмдөө жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Адистештирилген түзүмдөр калкты эмдөө үчүн бардык шарттарды түзүшү керек. Бул күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн абдан зарыл иш-чара", — деди премьер-министр.

Отурумдун жүрүшүндө Баткен жана Талас облустарын медициналык жабдуулар, дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу маселелери да талкууланды.

Өкмөт 145 миллион сомго 40 Тез жардам автоунаасын сатып алууну пландап жатат

Жыйында облустардын жетекчилери докладдары менен маалымат беришти.

Өкмөт башчы региондордо, зарылчылык келип чыкса, кошумча бөлмөлөрдү жана керебеттерди даярдоо ишин улантууну тапшырды.