Бишкекте ооругандар азайып, 7 стационардын иши токтоду. Тизме

Стационарлар ачылгандар бери кечээ эң аз сандагы оорулууларды кабыл алды. Күндүз – 964, 5-августка караган түнү 173 гана бейтап кайрылды.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкекте ооруп кайрылгандардын саны азайгандыктан, жети стационарды азырынча жаап туруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

"Стационарлар ачылгандан бери кечээ эң аз сандагы оорулууларды кабыл алды. Күндүз – 964, 5-августка караган түнү 173 гана бейтап кайрылды. Андыктан киши өтө аз же таптакыр жок стационарларды күз-кыш мезгилине карата күч, каражатты үнөмдөө үчүн жаптык", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Алар:

  • "Сейтек" мектебиндеги стационар;
  • №95 мектептеги стационар;
  • №83 мектептеги стационар;
  • №81 мектептеги стационар;
  • №94 мектептеги стационар;
  • "Арал" кафесиндеги стационар;
  • Кара-Жыгач жаңы конушундагы "Салтанат" ресторанындагы түнкү стационар.

"Колдоо керек". Чолпон-аталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды. Сүрөт

Калгандары штаттык режимде иштеп жатат. Аларда шаардыктарга 40 дарыгер, 50 медайым, 30 санитар жана ыктыярчылар жардам берип жатат.