Үрөй учурган жарылуу болгон жерден алынган 14 сүрөт. Бейруттагы трагедия

Sputnik

Шаардагы имараттар жабыркаган, жаракат алгандардын көптүгүнөн улам ооруканалар толуп кеткен. Соңку маалыматтарга ылайык, жарылууда каза болгондордун саны 70тен ашты.

Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, төрт миңден ашык адам түрдүү жаракаттарды алышкан. Жарылуунун эпкини окуя болгон жерден бир канча чакырым радиус аралыктагы үйлөрдүн терезелерин да талкалаган. Иорданиянын сейсмологиялык обсерваториясы Бейруттагы жарылуу 4,5 баллдык жер силкинүүгө барабар болгонун аныктаган.

Күнөөлүүнү таап чыгам! Ливандын премьери Бейруттагы жарылуу боюнча үн катты

Ливандын премьер-министри Хассан Дияб эки жумага өзгөчө абал киргизүүнү сунуштады, ал эми өлкөнүн Жогорку коргонуу кеңеши Бейрутту кырсык аймагы деп жарыялады. Саламаттык сактоо министрлиги жаракат алгандарга жардам берүүгө жетишпей жатат. Өлкө бийлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна жардам сурап кайрылды, бир катар мамлекеттер көмөк көрсөтүү ниетин билдирди. Бүгүн Ливанда каза болгондорго аза күтүү күнү.

2 750 тонна аммиак селитрасы алты жыл ичинде туура эмес сакталганы жарылуунун башкы себеби катары каралууда.

1 / 14
Катуу жарылуу шейшемби күнү кечинде Бейруттагы порттун аймагында болду
2 / 14
Жарылуунун эпкини окуя болгон жерден бир канча чакырым радиус аралыктагы үйлөрдүн терезелерин да талкалаган
3 / 14
Жарылуудан төрт миңдей адам жаракат алды. Шаардын ооруканалары толуп кеткен.
4 / 14
Ливандын борборундагы порттогу жарылуу болгон жердеги талкаланган бункер.
5 / 14
Шаардагы имараттардын жарымы талкаланган. Көпчүлүк эл жарылуунун толкунундагы сыныктардан жаракат алышкан.
6 / 14
2 750 тонна аммиак селитрасынын алты жыл ичинде туура эмес сакталганы жарылуунун башкы себеби катары каралууда
7 / 14
Саламаттык сактоо системасы жаракат алгандарга жардам көрсөтүүгө чамасы жетпей жатат
8 / 14
Өлкө бийлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна жардам сурап кайрылды, бир катар мамлекеттер көмөк көрсөтүү ниетин билдирди
9 / 14
Иорданиянын сейсмологиялык обсерваториясы Бейруттагы жарылуу 4,5 баллдык жер силкинүүгө барабар болгонун аныктаган
10 / 14
Ливандын премьер-министри окуянын себебин иликтөө үчүн комиссия түзүүнү сунуштады
11 / 14
Комиссия 48 сааттын ичинде кырсыктын себебин жана жоопкер тараптарды аныктап чыгышы керек
12 / 14
Бийлик борбор шаардын аймагында эки аптага өзгөчө абал киргизүүгө ниеттенип жатат
13 / 14
Ливандын Жогорку коргонуу кеңеши Бейрутту кырсык аймагы деп жарыялады
14 / 14
Бүгүн Ливанда жарылуудан каза болгондорго аза күтүү күнү.