1,5 млн сомдук сөйкөлөр. Оштогу шектүүнүн жер төлөсүнөн уурдалган алтындар табылды

Учурда кармалган шектүүнүн мындан башка да кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун милиция иликтеп жатат.
Sputnik

ОШ, 4-авг. – Sputnik. Ош облусунун аймагында алтын буюмдарды уурдоого шектүү киши кармалып, үйүнүн жер төлөсүнөн 1,5 миллион сомдук сөйкө, шакек, чынжырчалар – зер буюмдар табылды. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Багида Кармышакова билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 17-июлунда Ноокат РИИБге Ош шаарынын 29 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал Ноокат шаарында жайгашкан зер буюмдар дүкөнүнө белгисиз адамдар мыйзамсыз кирип, 150 000 сом акчасын жана алтындарын уурдап кеткенин билдирген.

Кудум кинодогудай! 20 секундада дүкөндөгү банкоматты уурдап кеткен видео

Жабырлануучунун арызы боюнча Жазык кодексинин 200-беренесинде ("Уурулук") каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын 53 жаштагы тургуну, мурда соттолгон М.А. аттуу киши кармалган. Ал райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

31-июль күнү М.А.нын Шарк айыл аймагындагы турак үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда короосундагы жыйналып турган кыштардын арасынан Кыргызстандын сегиз жаранынын паспорту, эки даана айдоочулук күбөлүк, жети даана банк картасы табылган. Ал эми үйүнүн жер төлөсүндөгү көмүлгөн банкадан болжол менен 1 млн 500 миӊ сомдук алтын буюмдар табылып, алынган.

Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноду деген киши кармалды

Азыркы учурда далил катары алынган алтын буюмдардын наркы такталып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Шектүүнүн мындан башка да кылмыш иштерине катыштыгы бар же жоктугу текшерилип жатат.