Бишкек: үйдөн сейфти 2,5 млн сому менен көтөрүп кетти деген шектүүлөр кармалды

Май айынын башында Бишкектин тургуну үйүнөн сейфин бирөөлөр уурдап кеткенин, анын ичинде миллиондогон акчалар бар экендигин айтып, милицияга кайрылган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ичинде ири суммадагы акчасы менен кошо сейфти уурдап кетти деп шек жараткандар кармалганын Бишкектин Ленин райондук милициясынын билдиришти.

5-майда арыз жазган бишкектик киши үйүнөн сейфи уурдалганын айтып, милицияга арыз жазган. Ичинде 2 миллион сом, 250 миң рубль жана 1,4 миң доллар, 625 евро бар экенин билдирген.

Анда Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен сотко чейинки иштер башталган.

1,5 млн. сомдук сөйкөлөр. Оштогу шектүүнүн жер төлөсүнөн уурдалган алтындар табылды

"1979-жылы туулган К.И. жана 1975-жылы туулган Т.Т. аттуу мурда уурулук үчүн соттолгон кишилер кармалды. Ленин райондук сотунун чечими менен баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, алар №1 убактылуу кармоо жайына эки айга киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү жактарга суралып жана алардын ушул дагы башка сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар-жогун аныктоо боюнча иликтөө жүрүп жаткандыгы айтылды.