Россияда COVID-19дун вакцинасы бул жылы балдарга жеткиликтүү болбойт

Эреже боюнча чоңдор эмдөөнүн сыноосунан толук өткөндөн кийин, тагыраагы, үч баскыч тең ийгиликтүү болгондо гана балдарды да тестирлөөгө мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Россияда коронавирустук инфекцияга каршы вакцина азырынча балдарга жеткиликтүү болбойт. Ал мыйзам боюнча чоң кишилерден текшерүүдөн өтүшү керектигин Гамалея улуттук изилдөө борборунун директору Александр Гинцбург РИА Новостиге айтып берген.

"Мен вакцина балдарга дагы сайылып, жардам берерине үмүттөнөм. Негизи чоңдор эмдөөнүн сыноосунан толук өткөндөн кийин балдарды да тестирлөөгө мүмкүн. Ошондуктан сыноонун үчүнчү баскычы бүткөндө, бизге 18 жаштан кичинелер менен иштегенге уруксат берилет", — деген ал.

Россия COVID-19га каршы вакцинаны ноябрда өндүрө баштайт

Өз кезегинде Сеченов университетинин Трансляциялык медицина жана биотехнология институтунун директору Вадим Тарасов РИА Новостиге берген маегинде балдарды эмдөөдөн мурда клиникалык текшерүү жүргүзүлөрүн айкан. Тагыраагы, алгач жаш мал-жаныбарга, андан кийин балдарга препаратты колдонууга болот.

"Кичинекейлерди эмдөө тууралуу кеп кылуу азыр эрте. Бирок алар вирустун тобокел тобунда болбогондуктан ооруну жеңил көтөрө алышат", — деген Тарасов.

Буга чейин Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко Гамалея борбору тарабынан иштелип чыккан коронавирустук инфекцияга каршы вакцинанын клиникалык сыноолору аяктаганын, ошондой эле аны каттоого документтердин топтому даярдалып жаткандыгын билдиргени айтылат.