БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду июль айында коронавируска каршы турган медиктерге компенсация катары 396 миллион 060 миң сом бөлгөн. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Компенсация облустар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
- Бишкектеги 3 469 медкызматкерге 103 миллион 5835 сом;
- Таластагы 11 саламаттык сактоо мекемесинин 889 кызматкерине 15 миллион 274 сом;
- Ош шаары менен Ош облусундагы 31 медикке 72 миллион 451 миң 881 сом;
- Нарындагы 12 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 20 миллион сом;
- Ысык-Көлдө 28 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 36 миллион 505 миң 397 сом;
- Баткендеги 16 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 15 миллион 496 миң сом;
Нарында медиктердин акысы толук берилбей калдыбы? Штабдын жообу
- Чүй облусундагы 24 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 38 миллион 915 миң 700 сом;
- Жалал-Абад облусундагы 31 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 36 миллион 080 миң сом;
Төлөмдөрдү берүү дагы улантылып жатканы айтылды.