Пульмонолог: КРде COVID-19ду дарылоого плазма колдонулбайт

Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологунун айтымында, плазма келечекте колдонулушу мүмкүн. Бирок учурдагы протокол ага жол бербейт.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда COVID-19ду дарылоо үчүн коронавирустан сакайгандардын канынын плазмасы колдонула элек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев “Дарыгерге сөз” берүүсүндө айтты.

Хижама ыкмасы коронавирус же пневмониядан айыктыра алабы? Адистин жообу

"Кыргызстандын жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн алгоритминде COVID-19ду дарылоо үчүн коронавирустан сакайгандардын канынын плазмасын колдонуу каралган эмес. Плазма куюу — бул өтө оор процесс. Социалдык тармактарда райондордун биринде плазма колдонулуп жатат деп айткандар бар экен. Бул туура эмес маалымат”, — деди пульмонолог.

Анын айтымында, плазма келечекте колдонулушу мүмкүн. Бирок учурдагы протокол ага жол бербейт.