БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бир суткада өлкө боюнча 25 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
COVID-19 жуктуруп алган медиктердин саны төмөнкүдөй:
- Бишкек шаары — 2;
- Ош шаары — 8;
- Ош облусу — 3;
- Жалал-Абад облусунда — 4;
- Ысык-Көл облусунда — 5;
- Чүй облусунда — 3.
Ошол эле учурда өткөн суткада беш медик коронавирусту жеңип, ооруканалардан чыккан. Мындан сырткары, үй карантининен дагы 36 ак халатчандын сакайганы айтылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медиктер арасында 2 854 учур катталды. Анын ичинен 1 894ү айыккан.