БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандык дарыгерлер COVID-19 илдетин дарылоо жолун жакшы өздөштүрүшүптүр. Бул тууралуу Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов билдирген.
КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, Кустов баштаган россиялык дарыгерлер тобу өлкөнүн дээрлик бардык аймактарын кыдырып чыгышкан.
Экинчи толкунга даярдык. КРде 18 миңден ашуун медик кайра окутуудан өттү
"Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарындагы жана Ош, Бишкек шаарларындагы медициналык мекемелерди кыдырып чыктык. Эпидемияга каршы иш-чараларды туура жүргүзүү боюнча сунуш-пикирлерибизди айттык. Бирок кыргызстандык дарыгерлер COVID-19 илдетин дарылоону мыкты өздөштүрүшкөнүн байкадык. Биз барган ооруканаларда дары-дармектер жана медициналык жабдуулар жетиштүү экен", — деди Кустов.
Ал эпидемиологиялык абал басаңдап калганына карабастан, айрым чектөө чараларын уланта бериш керек деп эсептейт. Ошондой эле ооруну жеңгендерге бет кап тагынып, социалдык аралыкты сактап, эл көп топтолгон жерлерге барбай кое турууну да сунуштаган.