Ысык-Көлдө атамекендик ишкана коргонуучу кийим тиге баштады. Сүрөт

Коронавирус пандемиясы тушунда ишкананын кайрадан профилдештирилгенин президент Сооронбай Жээнбеков канааттануу менен белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы жергиликтүү компания жеке коргонуу каражаттарын чыгара баштады. Аймакка иш сапары менен барган мамлекет башчы бүгүн ишкананын иши менен таанышканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мекеменин башчысы Кубан Жусуевдин айтымында, алар негизинен ар кандай ишканаларга, анын ичинде өлкөнүн күч түзүмдөрү үчүн атайын кийимдерди тигүү менен алектенет.

Россия COVID-19га каршы вакцинаны ноябрда өндүрө баштайт

Жамаат менен жолуккан Жээнбеков мамлекеттик саясат жер-жерлердеги ишканаларды өнүктүрүүгө, колдоого басым жасаарын белгиледи.

Ысык-Көлдө атамекендик ишкана коргонуучу кийим тиге баштады. Сүрөт

Коронавирус пандемиясы тушунда ишкананын кайрадан профилдештирилгенин президент канааттануу менен белгиледи.

Ысык-Көлдө атамекендик ишкана коргонуучу кийим тиге баштады. Сүрөт

Эске салсак, ушул тапта Ысык-Көлдө коронавирус жуктургандардын саны 2 873кө жетти.